Өгөй ата 5 жаштагы кызын муунтуп өлтүрүп, аны көөмп салган видео тарады

Өгөй ата 5 жаштагы кызын муунтуп өлтүрүп, аны көөмп салган видео тарады

Крымда 5 жаштагы кызды өгөй атасы өлтүрүп, аны көөмп салган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Анда өгөй ата кызы тил албаганын жана атасы катары көрбөгөн үчүн өлтүргөнүн тергөөчүлөргө айтып берген. Ал эми кыздын көмүлгөн видеосун Орусиянын тергөө комитети жарыялады.

Кылмышка шектүү кыздын жансыз денесин автоунаанын арткы орундугуна салып, үйдөн алып чыккан. Кыздын апасы Кытайда жашап, иштейт. Ал күйөөсү менен ажырашмак экенин жергиликтүү иаалымат каражаттары жазып чыкты.

Окуя ушул жылдын 12-ноябрь күнү катталган. Тергөөчүлөр кыз муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыкташкан. Кызын өлтүрдү делген өгөй ата Украинага качып кетүүгө аракет кылып, бирок чек арадан өтө албай калган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүү 14-январга чейин камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>