Өкмөт башчы: Бардык мекемелерди интернет менен камсыз кылуу керек

Өкмөт башчы: Бардык мекемелерди интернет менен камсыз кылуу керек

«Ар бир мектеп, почта бөлүмү, медициналык жана кызмат көрсөткөн башка мамлекеттик мекемелер интернет менен камсыз болуп, элге электрондук форматта кызмат көрсөтүүсү зарыл. Ошондо гана жарандарыбыз мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн чыныгы пайдасын сезе алышат». Мындай пикирин 24-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Дүйнөдө санарип маселеси мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө катуу таасирин тийгизип жатат. Эгер биз азыр бул маселеге тиешелүү көңүл бурбасак, кийин кеч болуп калат. Санариптештирүү бир гана мекеменин же ведомствонун маселеси эмес. Бул долбоор ар бирибизге тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. Азыр ар бир жарандын колунда телефону жана интернети бар. Ошондуктан бардык мамлекеттик кызматтар эл үчүн дайыма, кандай жерде болбосун, ар убак жеткиликтүү болушу керек. Алыскы аймактардын жана айылдардын тургундары мамлекеттик кызматтарды алуу жеңилдеп калганын сезиши зарыл. Ал үчүн өлкөнүн аймактары кеңири форматтагы интернет менен камсыз болушу кажет», – деди премьер-министр.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдиргендей, «Жол картасында» долбоордун алкагында интернетке кошула турган мектептердин жана бир катар социалдык объекттердин тизмеси түзүлгөн, алар жыл аягына чейин интернетке кошулмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>