Өкмөт башчы Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Погосян менен жолугушту

Өкмөт башчы Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Погосян менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абылгазиев Тигран Погосянга экономикалык кызматташттык үчүн ыраазычылык айтты.

«ЭВФ менен биз дээрлик көз карандысыздыкка жетишкен учурдан бери кызматташып келебиз. Бул мезгилде республика эл аралык финансы институтунан маанилүү колдоо алды. Бул финансылык жардам жана ар кыл маселелер боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр. Биз өлкөгө колдоо көрсөтүү мындан ары карай дагы улантылат деп ишенебиз», — деди өкмөт башчы.

Тигран Погосян өз сөзүндө Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташуусун күчтөндүрүүгө аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>