Өкмөт башчы: Мугалимдер үчүн ипотеканын жаңы механизми иштелип жатат

Өкмөт башчы: Мугалимдер үчүн ипотеканын жаңы механизми иштелип жатат

Ар бир өнүккөн мамлекетин өзөгү – сапаттуу билим берүү. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылындагы орто мектептин имаратына капсула салуу салтанатында айтты.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын кармануу менен Өкмөттүн ишиндеги негизги багыттардын бири билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, педагогдордун эмгек жана иштөө шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Эгерде билимдүү болсоң, ар кандай кыйынчылыкты жеңе аласың. Билими жок кандай эмгек болбосун, жыйынтык бере албайт. Соода, курулуш, дыйканчылык – мунун баары бизге билим аркылуу келе турган белгилүү бир жөндөмдөрдү талап кылат», — деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы эки жылда 350дөн ашуун социалдык объект салынды, алардын басымдуу бөлүгү – бул мектеп жана бала бакчалар.

«Ысык-Көлдүн жээгинде педагогдор үчүн пансионаттын курулушу жүрүүдө. Мугалимдер үчүн ипотеканын жаңы механизми иштелип жатат. Бул үчүн Улуттук банк тарабынан 1 млрд сом, мамлекеттик бюджеттен дагы 500 млн сом бөлүнгөн.», — деп белгиледи Абылгазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>