•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРЭКОНОМИКА

Өкмөт: Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн электрондук каталог киргизилет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Абылгазиев белгилегендей, учурда Өкмөт тарабынан атамекендик товар өндүрүүнү колдоо боюнча иштер жүрүүдө.

 Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген, анда атамекендик товар өндүрүүчүлөргө 20% чейин жеңилдик берүү, улуттук режимден чыгарып таштоо жана сатып алуу үчүн түз келишим түзүү ыкмасы менен толук бойдон өлкө аймагында товар өндүргөн атамекендик товар өндүрүүчүлөрдүн тизмесин Өкмөт тарабынан бекитүү каралган.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртууга тийиштүү тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдалды.

«Бүгүнкү күнү статистика боюнча бардык эле сатып алуу уюмдарына жеңилдиктер берилбейт. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү өткөн 47 миң 983 сынактын ичинен сатып алуу уюмдары тарабынан  8 миң 364 сынакка жеңилдик берилген. Бул 17,4% түзөт», – деп жазылат маалыматта.

Өкмөт башчы бардык уюмдар атамекендик товар өндүрүүчүлөргө жана жалданма компанияларга тиешелүү жеңилдиктерди көрсөтүүсүнө мониторингди күчөтүүнү тапшырды.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, учурда өлкөнүн аймактарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн электрондук каталогду киргизүү иштери жүрүп жатат.

«Бул аларга аз көлөмдөгү сатып алуу процедураларына катышууга мүмкүндүк берүү үчүн жасалууда. Бул үчүн алар catalog.gov.kg сайтында каттоодон өтүүгө тийиш. Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө күч-аракеттерди күчөтүү тапшырмасын койгондугун эске алуу менен министрлик тарабынан электрондук каталогду ишке берүү  активдештирилди. Аны 2019-жылдын 1-октябрында иштетип баштоо күтүлүүдө», – деди Жээнбаева.

 

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *