Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан алынды

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан алынды

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан алынды. Бул тууралуу Репортер агенттигине өздүк  булактар кабарлады.

“Азырынча расмий маалымат таратыла элек, бирок ал бүгүн кызматтан алынды”, —  деди өздүк булак.

Буга чейин Солтон-Сары кениндеги абалды жөнгө сала албагандыгы үчүн  Аманбай Кайыповдун ишмердигине коомчулук тарабынан  бир нече сындар айтылып келген. Ал эми 2- сентябрда Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ишке берилиши анын дарегине айтылып келген сындарды ого бетер күчөткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>