Өлкө бюджетинен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган, анын 74,8% айлык акыга жумшалат

Өлкө бюджетинен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган, анын 74,8% айлык акыга жумшалат

2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган, анын 74,8% (жождорду жана изилдөө институттарын кошпогондо) 120 000 кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу Кыргыз Республикасынын август педагогикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирген.

Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:

— жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими; 

— мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;

— кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери; 

— орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер); 

— билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери. 

Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине (окутуу-тарбиялоо кызматкерлери) төлөнөт.

Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүү сунушталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>