Өзбекстанда 62 жаштагы мугалим окуучу кызды эки жыл зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Өзбекстанда 62 жаштагы мугалим окуучу кызды эки жыл зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Алтынсай районундагы жергиликтүү мектептин химия мугалими окуучу кызды зордуктап жүргөн деп шектелүүдө.

Жабырлануучу кыздын айтымында, 62 жаштагы мугалим аны 2017-жылдын сентябрынан 2019-жылдын март айына чейин зордуктап жүргөн.

«Агай мага арак ичирип, химиялык лабораторияга алып кирип зордуктачу. Кээ бирде эки күндө бир, же үч күндө бир жолудан. Алгач ал мага 9-класстын башында сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Анда олимпиадага даярдайм деп мектепте алып калып, алдап аракка мас кылып зордуктаган. Кийин бул жөнүндө эч ким билбеши керектигин эскертип, болбосо мектептен чыгарып жиберише тургандыгын айтып коркуткан», — деди кыз.

Анын апасы быйыл кызынын колунан кымбат баалуу телефонду жана акчаны көргөндөн кийин шек санай баштаганын билдирди. «Мен андан көпкө такып сурагандан кийин телефонду химия мугалими бергенин, буга чейин аны көп жолу зордуктаганын айтты», — деди кыздын апасы.

Ал бул боюнча кызы окуган мектептин жетекчилиги менен укук коргоо органдарына даттанып, сексуалдык зомбулук фактысын аныктоо үчүн медициналык экспертиза өткөрүүнү талап кылган.

«Экспертиза кызыма карата сексуалдык зомбулук болгонун ырастады. Дарыгер кызым жүздөн ашык жолу жыныстык катнашта болгонун айтты», — деди ал.

Кызды зордуктоого шектелип жаткан мугалим быйыл май айында өз арызынын негизинде жумуштан кеткен. Жергиликтүү укук коргоо органдары кыздын зордукталышы фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>