Өзгөчө абал учурунда таксилер дагы токтотулат

Өзгөчө абал учурунда таксилер дагы токтотулат

Өзгөчө абал учурунда коомдук транспорттун эле эмес жеке таксисттердин да иши токтотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Эгер таксисттер өгөчө абал эрежесин сактабай иштегени чыкса аларга мыйзам чегинде чара көрүлүп, унаалары айып токтомого жайга жеткирилет.

Бүгүн, 25-марттан тартып  Бишкек, Ош, Жалал-Абад облусуна жана бир катар райондорго өзгөчө абал киргизилди. Ага ылайык автобус-троллейбустардын иши токтотулган. Бирок таксилер жүрүп жатат.

25-март саат 9:00гө карата өлкөдө коронавирустун жаңы учуру катталган жок.Ушул кезге чейин Кыргызстанда 42 адам COVID-19 вирусун жуктуруп алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>