•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРМАДАНИЯТ

Өзгөчө ыр жаздырдым. Чыпалак баатыр ырчылыкка аттанды

Коомчулукка Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов «Бул жашоо, өмүр бир келет» аталшындагы чыгармасын элге тартуулады. Аликеновдун ыры бир канча ютуб каналдарына тарап, элдин сынынан өтүүдө.

Чыгармачылыкка олуттуу кириштим деген Зарылбек Аликенов буларга токтолду.

«Өзгөчө ыр жаздырдым деп ойлойм. Өзүмдү ырчы катары да сынап көрүп, эгер элге жакса жаңы бийиктиктерди багындырам деп турам. Бул ырда өзүмдүн чыныгы жашоомду чагылдыргым келди. Тактап айтканда, ыр өзүмдүн жашоомдон алынып жазылды. Буюрса жакшы кетти окшойт. Телеканалдар, радиолор ырды сурап алышты. Мыкты ырчылар бул ырымды угуп, «мунуң хит болот» дешти», – деп билдирди Аликенов.

Ырдын сөзү, обону Чыпалак баатырдын продюсер-менеджери Микашка (Мыктыбек Ашырбай уулу) таандык.

«Чыпалак баатыр мага ырдап чыккысы келгенин айтты. Мен алгачкы ыр анын жашоосу тууралуу болсун дедим. Чыгарманы даярдап, кийин студияга барып аранжировкаладык. Чыпалак баатыр өзүнө тиешелүү тексттерди ырдады, мен рэпти айттым», – деди Микаш.

Микаштын айтуусунда, учурда клип тартууга демөөрчүлөрдү издеп башташкан, ишин жаңыдан баштаган клипмейкерлерден сунуш түшүп жатат. Бирок аларга көп ишеним артуу кыйын болууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Мна еми озгочо жанлк кэлди дэмекчимин. Дуйнодо жок музыка укмущ ыр фантазя мэнен куюлущтуруп чккан ырда жащо жонундо еми чыкты азр еле ексклюзивна. Анда емесе дуркуроп кол чаап дэгендэй,чон сахнада мэни коргондой елестетип, Соло Медиа Ютуб каналдан толук коруп канп жыргап угуп тургула э. Анда фанат канаттарм салдаттарм барынар щагом марщ жргагла э. #булжашоо🔥👍🏼 Бул жащо омур бир келет📍 Чыпалак баатыр жана Микаш.дует. Созу обону Микаш. Араншировка жагн Ильяз Абдыразаков. #чыпалакбаатыр#микаш#дуйэт#жаныыр#булжашоо#бишкек#кыргызстан#соломедия# @kuchmen_production @mikash_kg @ilyaz_abdyrazakov_official @solomedia.kg @byl_jashoo Бул ырдн озгочо чгщына салм кощкондор. Силэрге чон рахмат дэмекчимин 💯👍🏼🔥

Публикация от Чыпалак Баатыр А.Зарылбек (@chypalak_baatyr_official)

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *