Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу суроого жооп бере албаган ИИМдин орун басары депутаттан тил укту

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу суроого жооп бере албаган ИИМдин орун басары депутаттан тил укту

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Вице-спикер Аида Касымалиева Ички иштер министрлигинен 2018-жылы жана 2019-жылы үй бүлөлүк зомбулуктан канча адам өлдү деген собол салды.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 2018-жылы эки адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза болгонун айтты.

Аида Касымалиева: «Массалык маалымат каражаттарында 2018-жылы 68 аял үй бүлө зомбулугунан өлдү деген статистикалык маалымат жүрөт. Биз дагы суроо берүү үчүн даярданып келебиз. ИИМ силер үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыш эмес экен да. Колуңуздагы кармап турган кагаздагы маалыматты эжелеп араң окуп жатасыз. Эмнеге даярдыгыңыз жок келесиз. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук бул — трагедия».

Памир Асанов эл өкүлү берген суроолорго так жооп бере албай сынга кабылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>