Үй карантинин сактабаган Ысык-Көл айылынын жалпы эли изоляцияга алынды

Үй карантинин сактабаган Ысык-Көл айылынын жалпы эли изоляцияга алынды

Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде штабдан билдиришти.

Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды.

Белгилей кетсек, кечээ аталган райондон эки адамдан коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырылган.
Учурда Кыргызстанда вирусту жуктурган жалпы 107 учур катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>