«Үмүт 2020» кыймылы Саймаити менен экс-консул Сопоковдун байланышта болгондугун ачыктап чыкты

«Үмүт 2020» кыймылы Саймаити менен экс-консул Сопоковдун байланышта болгондугун ачыктап чыкты

«Үмүт 2020″саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышта болгондугун социалдык тармак аркылуу ачыктап чыкты.

Айтматованын акыркы илктөөсүндө айтылгандай, Айеркен Саймаити Эркин Семет деген ат менен экс-консул Эркин Сопоковдун Фейсбуктагы досторунун арасында болгон.

Эркин Семеттин баракчасындагы сүрөттөрүнүн арасынан «Рамадан Туризм» автосалонунун жарнамасын көрүүгө болот. Ошондой эле иликтөөдө Айеркен Саймаити «Рамадан Туризм» компаниясынын жетекчиси экени айтылат. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Эркин Сопоков өзүнүн дипномердеги “Range Rover” унаасын «Рамадан туризм»автосалонуна сатуу үчүн өткөргөндүгүн айткан эле.

Ал эми Айеркен Саймаити Эркин Смет деген ник менен катталаган өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына экс-конул Эркин Сопоков жана Түкиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчу менен бирге түшкөн бир нече сүрөтүн жүктөгөн.

Ошондой эле Ширин Айтматова Айеркен Саймаити 2018-жылдын март айында Бишкекке келсе да ал издөөдө жүргөндүгүнө карбай кармалбагандыгы тууралуу суроо салган. Анткени Саймати 3-мартта Бишкек шаарында тартылган видеосун инстаграмдагы баракчасына жүктөгөн.

Белгилей кетсек, “Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Түкиялык басылмалар кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экендигин жазып чыккан.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды. 14-ноябрда экс-консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн тузүлгөн  мекемелер аралык жумушчу топ Стамбулга учуп кеткен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>