Үстүбүздөгү жылдын январь айында 29,9 миң тонна эт өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 29,9 миң тонна эт өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 29,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмүнөн маалымдашты.

Эт өндүрүү. Бардык категориялардагы чарбаларында 29,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 498 тонна, же 1,7 пайызга көп.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын жана үй канаттуулардын санынын өсүшү. Чочкодон тышкары.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча: «2020-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 53,1 миң башка көбөйүп 1680,4 түздү, кой жана эчкинин саны 97,0 миң башка көбөйүп 6264,9 башты түздү, жылкынын саны 23,9 миң башка көбөйүп 522,6 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүп 6211,1 башты түздү, чочконун саны 16,5 миң башка азайып 34,7 миң башты түздү».

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь айында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>