Өкмөт: Ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу

Өкмөт: Ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу

Штабдын башкы максаты — ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр райондордо жана облустарда штабдарды уюштуруу, алардын алкагында күнүгө чогулуп, айыл чарба продукцияларынын запасына анализ, бааларга мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле айыл чарба продукцияларынын, азык-түлүктүн запасы жана калктын керектөөсү тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдардын отчётун укту.

«Биз рыноктогу запастын абалы боюнча билишибиз керек. Ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк базарларынын кожоюндары менен сатуунун көлөмү жөнүндө маалыматтарды күнүгө берип туруусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл», — деди вице-премьер-министр.

Ал мамлекеттик органдардын алдын ала берген маалыматы боюнча, ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу. Айыл чарба багытындагы товарлар жетиштүү санда, ал эми аларды импорттоо мурдагыдай эле жүзөгө ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз тарап продукцияларды ташууга кандайдыр бир чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>