Өкмөт башчы Өзбекстанга иш сапары менен учуп кетти

Өкмөт башчы Өзбекстанга иш сапары менен учуп кетти

Бүгүн, 1-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан мамлекетинин Ташкент шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалган.

Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>