Өкмөт башчы: Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды

Өкмөт башчы: Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды

Өкмөттө мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, алдыдагы мааракелик иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык күч-аракетин жумшоого тийиш.

Кеңешменин жүрүшүндө уюштуруу комитетин жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматы боюнча, Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлгөн. Пландын алкагында коомдук ишмердин өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, китеп басып чыгаруу, өлкөнүн мектептеринде ушул темага арналган ачык сабактарды өткөрүү жана башка бир катар чаралар белгиленген.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын өз убагында аткарууну тапшырды.

Маалымдама: Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн башатында турган. 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Жумушчулар, дыйкандар жана солдаттар советинин Облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Абдыкадыр Орозбеков 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>