Өкмөт башчы Баткен облусундагы шахтада адамдардын каза болушуна байланыштуу жыйын өткөрдү

Өкмөт башчы Баткен облусундагы шахтада адамдардын каза болушуна байланыштуу жыйын өткөрдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев кырсык боюнча маалымат берген.

Анын айтымында  кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында  болгон. Ал эми Лейлек районунда, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары сакталбагандыктан үч жаран каза болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгон жарандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты жана жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалады.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүүнү тапшырды. 

«Иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеш керек, себеби бул ушундай кесепеттерге – адам өлүмүнө алып келет. Шахтага жакын жайгашкан калктуу пункттарда көмүрдү мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган жайда иштеген кендердин лицензиясы алынып, иштөө укугунан ажыратылыш керек”, — деген өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, 5-6-октябрь күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Сүлүктү шаарындагы шахталарда өз алдынча көмүр казып жаткан 6 адам газга ууланып каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>