Өкмөт башчы базарлардын жана соода түйүндөрдүн иши менен таанышты

Өкмөт башчы базарлардын жана соода түйүндөрдүн иши менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги базарларга барып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты.

Өкмөт башчы сатуучулар жана кардарлар менен баарлашып, бүгүнкү күндө өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

[su_quote cite=»деди премьер-минстр Мухаммедкалый Абылгазиев.»]Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө  чакырам. Түзүлгөн абалдан чыгууга жана өз жарандарын зарыл болгон бардык товарлар менен, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттин чамасы жетет, [/su_quote]

Премьер-министр мамлекеттик органдар базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын, кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>