Өкмөт башчы: Билим берүүгө салынган инвестиция өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет

Өкмөт башчы: Билим берүүгө салынган инвестиция өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет

Билим берүү социалдык оорчулук эмес, а тескерисинче, экономикадагы рентабелдүү тармакка айланды. Ошондуктан билим берүү тармагына салынган инвестициялар өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу бүгүн, 28-августа премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын пикиринле, билим берүүгө инвестиция кылбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат. Бүгүнкү мезгил ааламдашуунун гана доору эмес, инновациялык изденүүнүн жана айыгышкан атаандаштыктын заманы экендигин белгиледи.

Өкмөт башчынын пикиринде, мезгил азыр баарыбыздан маалыматтык цивилизациянын байкоочусу болбой, анын толук кандуу катышуучуларынан болушубузду талап кылууда.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк банк 192 өлкөнү изилдеп чыгып, төмөнкүдөй кызыктуу жыйынтыктарга келген: 16% өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү – физикалык, 20% өлкөнүкү – табигый, ал эми 64% өлкөнүкү – адамзаттык жана социалдык капитал менен байланышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>