Өкмөт башчы Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Өкмөт башчы Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиевдин айтымында, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, башка жооптуу кызматтарда тажрыйбасы бар Робин-Орд-Смиттин Бизнес-акыйкатчы кызматына талапкерлиги – бул бизнес-коомчулук жана чет элдик инвесторлор үчүн оңдуу белги.

Жолугушуу учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит өз кезегинде куттуктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык айтты.

Маектешүү учурунда Бизнес-акыйкатчы институтунун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, өнөктөштүк келечеги жана өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>