Өкмөт башчы: Коронавирустан экономика жоготууга учурайт. Бирок калктын ден соолугу маанилүү

Өкмөт башчы: Коронавирустан экономика жоготууга учурайт. Бирок калктын ден соолугу маанилүү

Коронавирустун кесепетинен ата мекендик экономика жоготууга учурайт. Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган Республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди.

«Биз коронавирус инфекциясынын Кыргызстандын аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алдык. Эки Республикалык штаб түзүлдү: коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана  жайылышына жол бербөө боюнча. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге жаткырылууда. Бул бардык өлкөлөрдө кабыл алынган атайын чара», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>