Өкмөт башчы коронавирустун жайылышына жол бербөө керектигин жооптуу тармактарга каттуу эскертти

Өкмөт башчы коронавирустун жайылышына жол бербөө керектигин жооптуу тармактарга каттуу эскертти

Бүгүн, 3-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилери көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Анын айтымында, жакын арада кыргызстандык медицина кызматкерлери орусиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Жыйында белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал катары таанып, бир катар өлкөлөр Кытай менен аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизди.

Премьер-министр коронавирустун кириши жана жайылышы боюнча санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды уюштуруу боюнча биринчи кезектеги аракеттердин планы тууралуу эскертти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>