Өкмөт башчы тынчтык митингине чыккандардын коопсуздугун сактоо тапшырмасын берди

Өкмөт башчы тынчтык митингине чыккандардын коопсуздугун сактоо тапшырмасын берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тынчтык митингине чыккан катышуучулар менен пикир келишпестикке алып келбөө керектигин билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Биздин эл аялды урматтоо менен бирге улуттук балуулуктарды сактап келген. Аялдын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу өзгөчө. Бул баалуулуктарды биз сакташыбыз керек. Укук коргоо органдары тынчтык митингине чыккандарды коргоп, башаламандыкка жол бербегиле. Ал эми уюштуруучулар элдин алдында жоопкерчиликти колго алып, эч кандай чагымчылдыкка алдырбагыла», — деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине тынчтык митинги өтүп жаткан учурда мыйзамдын чегинде тартипти көзөмөлгө алгыла деген тапшырма берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>