Өкмөт башчы жазаларды аткаруу кызматынын бейтапканасынын ачылыш салтанатына катышты

Өкмөт башчы жазаларды аткаруу кызматынын бейтапканасынын ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 15-июлда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапкана/госпиталынын ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктады. Мындан тышкары  жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.

«Бүгүн укук коргоо органдарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунда оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда. Биз репрессиялык мамиледен арылып, соттолгондор үчүн бардык шарттарды түзүү үчүн, жазасын өтөп жана эркиндикке чыкканда алардын социалдашуусу үчүн сот адилеттигин гумандаштыруу багытын алдык. Бул багытта көп кадамдар жасалууда. Бирок буга карабастан, кызматкерлерди социалдык коргоо маселелери чечилбеген бойдон калууда: турак жайдын жоктугу, маянанын аздыгы жана башка маселелерди биз кадам кадамы менен чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Нарын жана Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында кызматтын кызматкерлери үчүн турак жай курулду. Мындай объекттердин ачылышы учурда тутумда оң өзгөрүүлөр жүрүп жатканын ырастайт. Бардык орун алган маселелер тууралуу биз жакшы билебиз, мен премьер-министр катары жазаларды аткаруу тутумундагы реформаларга өзгөчө көңүл бурууга аракеттенем», – деди Абылгазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>