Өкмөт биопакеттерди колдонууну сунуштоодо

Өкмөт биопакеттерди колдонууну сунуштоодо

Жогорку Кеңеште полимердик жана пластик материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттеринен чогулган калдыктардын көлөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун башкы максаты пластик материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттеринен чогулган калдыктардын көлөмүн азайтуу, ошондой эле кагаз пакеттерин колдонууга өтүү болуп саналат.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыровдун айтымында, азырынча жука полимердик пакеттерден кутулуу милдети турат.

«Азырынча экономикалык чараларды көрүп, импорттолгон жана өндүрүлгөн жука пакеттердин баасын кагаз пакеттердин наркына чейин көтөрүп жатабыз. Мындай чара биопакеттердин колдонулушуна жол ачат. Мисалы, азыр Кытайда полимердик пакеттерди колдонууга таптакыр тыюу салынган. Биз дагы аны карап көрүшүбүз керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, Данияда 1994-жылы эле соода түйүндөрүндө полиэтилендик пакеттерди бекер таратууга салык салуу киргизилген. Полиэтиленге төлөм киргизилгенден кийин, анын керектелиши 90 пайызга төмөндөгөн. Германияда болсо, пакеттерди утилдештирүү үчүн керектөөчү акы төлөйт. Ал эми Ирландияда пакеттерге карата баа көтөрүлгөндөн кийин, пакеттерди колдонуунун саны 94 пайызга кыскарган. Азыр ал жерде, кездемеден жасалган, көп жолку баштыктар колдонулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>