Өкмөт: Бирдиктүү электрондук базанын ишке кириши мыйзамсыз иштерди жокко чыгарат

Өкмөт: Бирдиктүү электрондук базанын ишке кириши мыйзамсыз иштерди жокко чыгарат

Нотариалдык документтердин Бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухеммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган система маалымат технологияларын, электрондук нотариалдык өндүрүштү киргизүүнүн эсебинен коомдо укуктук мамилелердин туруктуулугун камсыздоо үчүн ишке ашырылууда.

Нотариалдык документтердин базасын киргизүү менен башка мамлекеттик маалымат тутумдарынан маалыматты алууга жана берүүгө, өз ара аракеттешүүгө мүмкүнчүлүк  берет.

Бул тартип нотариалдык аракеттерди каттоонун электрондук реестрин, мурас иштеринин реестрин жүргүзүүнүн эрежесин аныктайт. Тартипте электрондук тутумдун менчик ээси жана оператору болуп Юстиция министрлиги саналат.

Бул системанын ишке кирүүсү менен нотариустардын мыйзамсыз жана туура эмес иш аракеттери жокко чыгарылат. Система кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө  байланыштуу жасалган иш-аракеттердеги кылмыштардын санын азайтат. Ошондой эле нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү  жогорулатат. Ишмердүүлүктүн ачык болушу, бир четинен нотариалдык аракеттердин сырдуулугун ишенимдүү камсыз кылат, экинчи жагынан жалпы нотариат системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>