Өкмөт: Биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленди

Өкмөт: Биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленди

Биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 жана 2 сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган.

Соодагерлер майда товардык, заводдук кагазга таңгакталган ундан башка унду белгилеген баадан жогору сата алышпайт. Чектөөнү бузгандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

Социалдык маанидеги товарлардын башка түрлөрү боюнча учурда талдоо жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада шекер, нан жана өсүмдүк майынын максималдуу наркы аныкталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>