Өкмөт көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартуу планын иштеп чыкты

Өкмөт көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартуу планын иштеп чыкты

2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планы коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Өкмөтү тарабынан  «2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты.

Улуттук статистикалык комитетинин баалоосу боюнча 2017-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 125,2 млрд сом өлчөмүндө болгон, анын ички дүң продукциядагы үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайыздык көрсөткүчкө чейин төмөндөп, 23,6 пайызды түздү.

Бул баалоо эл аралык эксперттердин катышуусунда иштелип чыккан жана бекитилген, көмүскө экономиканын көлөмүн баалоо жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына жооп берген методологияга ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдардан, ишканалардан, уюмдардан, калктан мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүү, ошондой эле жумушчу күчтү тандап текшерүү жолу менен статистика органдары аркылуу алынган статистикалык отчеттуулук маалыматтар баалоо жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

Учурда статистикалык комитет тарабынан 2018-жылга карата көмүскө экономканы баалоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, расмий статистикалык маалыматтар менен катар эле, көз карандысыз изилдөөлөр, тагыраак айтканда, жеке/эл аралык компаниялар айрым ишканалардын өкүлдөрүнүн чакан тобуна жүргүзгөн сурамжылоо жана субъективдүү көз караштардын негизинде көмүскө экономикага мүнөздөмө беришкен.

Көз карандысыз SIAR Research&Consulting компаниясынын 2019-жылдын июнь айында жүргүзгөн иликтөөсүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын ИДПдагы  деңгээли 29,8% түзөт. Сурамжылоого чакан, орто жана чоң  ишканалардын 502си катышкан.

Мындан тышкары республикадагы көмүскө экономиканы 2019-жылы эл аралык PricewaterhauseCoopers LLP («PwC») компаниясы иликтеп көргөн. Анын жыйынтыгы боюнча, көмүскө экономиканын ИДПдагы деңгээли 37% түзгөн. Иликтөө сурамжылоого катышкан 302 ишкерлик субъектиге негизделген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>