Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус жок, элдин тынчын албоого чакырабыз

Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус жок, элдин тынчын албоого чакырабыз

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб социалдык тармактарда тараган билдирүүлөргө карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Такталган фактыларсыз коронавирус чыккандыгы тууралуу билдирүү жасоо айрым жарандардын жоопкерчиликсиздигин күбөлөндүрөт. Кыргыз Өкмөтү бардык зарыл чараларды көрүүдө, бүгүнкү күндө республикада коронавируска кабылгандар жок.

«Айрым жарандарды Кыргыз Республикасында коронавирус бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элдин тынчын албоого чакырабыз. Мындай имиштерди жайылтуу дүрбөлөңгө түшүрүп, ишканалардын, коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратат. Бардык жарандарга кандайдыр бир суроолор келип чыккан шартта Саламаттык сактоо министрлигине кайрылууну сунуштайбыз», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>