Өкмөт: Кыргызстандын Кытай менен болгон каттамдарынын баары токтоду

Өкмөт: Кыргызстандын Кытай менен болгон каттамдарынын баары токтоду

Кыргызстандын Кытай менен болгон каттамдарынын баары токтоду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты.

«23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду», — деди өкмөт башчы..

Буга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин токтогон.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин чек арасын бир жумага убактылуу жабат.

Жаңы жыл майрамына карата Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин убактылуу токтогон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>