Өкмөт: Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет

Өкмөт: Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет

Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган.

Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.

Кабыл алынган мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун алкагында мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиялык планы иштелип чыккан жана бекитилген. Анын негизинде ар бир жылдын бюджети иштелип чыккан.

Ушуну менен бирге Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлердин резервин түзүү тартибин белгилейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>