Өкмөт уран казууга тыюу салган мыйзамды колдойт

Өкмөт уран казууга тыюу салган мыйзамды колдойт

Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген уран, торий кендерин чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамды колдойт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Учурда Өкмөт тарабынан  мыйзам долбооруна тскоолдук жараткан кандайдыр бир жашыруун аракеттер жасалган жок.  Өкмөттүн 24-июнундагы токтому менен мыйзам долбоорун жактыруу боюнча  расмий корутунду чыгып, ал демилгечилердин бири Алтынбек Сулаймановдун атына жөнөтүлгөн”, — деп жазылат маалыматта.

Өкмөтошондой эле долбоорду кайра иштеп чыгууда айрым редакциялык мүнөздөгү сунуштарды эске алууну сунуштаган.

2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов  парламенттин жалпы жыйынында, уран казууга тыюу салуган мыйзамга өкмөт тымызын бут тосуп жатканын айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>