Өкмөт: Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат

Өкмөт: Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат

Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бул тууралуу бирифингде Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бир жумадан бери Кытай менен кеӊешмелер өткөрүлүүдө. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринде болот. Бул эки бекет Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин убактылуу жабылат. Кыргыз өкмөтү Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бул убакытты дагы узарткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>