Өкмөткө жыл башынан бери 4 миңден ашык адам кайрылды. Анын көпчүлүгү пенсия курагындагылар

Өкмөткө жыл башынан бери 4 миңден ашык адам кайрылды. Анын көпчүлүгү пенсия курагындагылар

Өкмөттүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмүнө 2019-жылдын 9 айында 3329 жазуу түрүндө жана 776 оозеки кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан — 511 (15, 3%);

 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 579 (17,3 %);

— Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына жеке кабыл алууга жарандардан жазуу түрүндө берилген кайрылуулар – 454 (13,6 %);

 — www.kattar.kg электрондук порталы аркылуу келип түшкөн кайрылуулар – 433 (13,0 %);

— башка байланыш каражаттары аркылуу келип түшкөн кайрылуулар (экспедиция, почта, фельдбайланыш, курьердик жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн корреспонденция үкөгү) – 1352 (40,8 %).

Ошондой эле республиканын бардык аймактарынындагы жарандардан, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жашоочулардан кайрылуулар келүүдө. Арыздар, даттануулар жана сунуштар төмөнкү аймактардан көп келди:

— Бишкек шаары — 1233 (37 %);

— Чүй облусу — 587 (17,6 %);

— Жалал — Абад облусу — 413 (12,4 %);

— Ысык – Көл облусу — 257 (7,7 %);

— Ош облусу — 219 (6,6 %);

— Баткен облусу — 184 (5,6 %);

— Нарын облусу — 183 (5,5 %);

— Ош шаары — 143 (4,3 %);

— Талас облусу — 90 (2,7 %);

— КМШ өлкөлөрү жана алыскы чет өлкөлөрдөн  – 20 (0,6 %).

Негизинен кайрылгандарды карыялар, пенсия курагындагы адамдар жана социалдык аярлуу категориядагы жарандар түзөт.

Жарандардын кат түрүндөгү (электрондук), оозеки бардык кайрылууларын тематикалары боюнча төмөнкү багыттарга бөлүүгө болот:

— агро өнөр жай комплекси, дыйкан жана мал чарба, жер маселелери – 295 (8,8 %);

— укук тартиби жана коопсуздук маселелери – 287 (8,6 %);

— социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар – 279 (8,3 %);

— билим берүү жана илим маселелери – 275 (8,2 %);

— жер жана турак жай маселелери – 261 (7,9 %);

— курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба – 150 (4,5 %);

— кадрдык камсыздоо, эмгек талаштары жана айлык акы маселелери – 144 (4,4 %);

— саламаттык сактоо маселелери – 129 (3,9 %);

— жана башкалар – 1509 (45,4 %).

Белгилей кетсек, жарандардын министрликтерге жана ведомстволорго айрым кайрылуулары боюнча авторлор тарабынан көтөрүлгөн маселелерди изилдөө жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн авторлордун өздөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>