Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси “Кыргыз почтасына” жетекчи болот

Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси “Кыргыз почтасына” жетекчи болот

Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Шамил Асымбеков “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп келет. Бул маалыматты Reporter.kg`ге өздүк булактар билдирди.

Аталган ишкананы 2018-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келген Марс Наспеков  январь айынын башында өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткенин «Tazabek» басылмасы жазып чыккан.

Ал эми Шамил Асымбеков Өкмөттүк аппаратты сегиз ай жетектеп, 2019жылдын май айында»Альфа-Телекомдун» жетекчиси Акылбек Жаманкулов менен  «Ачык өкмөт» уюмунун жетекчиси, премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин ортосундагы чатактан, тагыраагы “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегинде түзүлгөн жагдайдан улам кызматтан алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>