ӨКМ 25-январдан 31-январга чейинки аба-ырайы жөнүндө маалымат таратты

ӨКМ 25-январдан 31-январга чейинки аба-ырайы жөнүндө маалымат таратты

Үстүбүздөгү жылдын 26-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

25-январдан 31-январга чейинки аба-ырайы жөнүндө маалымат:

25-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда күндүз жана 26-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында  жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында,   Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда  кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-январда  түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда  жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>