ӨКМ: Бишкектеги тез татым жайында болгон жарылуудан 8 адам жабыркады

ӨКМ: Бишкектеги тез татым жайында болгон жарылуудан 8 адам жабыркады

Бишкетеги “Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайында жайгашкан “Антошка” тез татым жайында болгон жарылуудан 8 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, жабыркагандардын арасында жаш балдар да бар экени айтылууда. Алар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Күбөлөрдүн билдиришинче, өрттөн улам тез тамактануучу жайда үч жолу жарылуу болгон. Учурда өрт чектөөгө алынып, куткаруучулар өттү толук өчүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>