ӨКМ: Кара-Балтадагы айнек заводунан чыккан өрт толук өчүрүлдү

ӨКМ: Кара-Балтадагы айнек заводунан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында айнек заводдон чыккан өрт саат 12:20да толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-сентябрда кырсык боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 10:18де келип түшкөн. Өрт №29-айнек заводдун чатырынан чыккан. Саат 11:00дө чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 2 бөлүм жана «Джунда» мунай иштетүүчү ишканасынан 4 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>