ӨКМ: Кумтөр кенинде дайынсыз жоголгон эки кызматкерди издөөгө 92 куткаруучу тартылды

ӨКМ: Кумтөр кенинде дайынсыз жоголгон эки кызматкерди издөөгө 92 куткаруучу тартылды

Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу  атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кендеги кырдаал кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабка тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү да кирди.

«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. ӨКМден  64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган.  Куткаруучулар түнү да издөө иштерин жүргүзүүдө». – деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>