ӨКМ шашылыш билдирүү таратты! Аба ырайы кескин төмөндөп, жолдор тайгак болот

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты! Аба ырайы кескин төмөндөп, жолдор тайгак болот

6-ноябрь күнү абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  0…5°,  күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолу унаа жолу менен жол жүрөйүн деп мерчемдеп жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

— КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;

— тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;

— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);

— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Өзгөчө кырдал болгон учурда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>