ӨКМ: Ушул жылдын 9 ай ичинде эң көп Чүй облусунда өрт кырсыгы катталып, 11 адам каза болгон

ӨКМ: Ушул жылдын 9 ай ичинде эң көп Чүй облусунда өрт кырсыгы катталып, 11 адам каза болгон

2019-жылдын 9 ай ичинде республика боюнча 2990 өрт кырсыгы катталып өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 21,2% азайган. Бул тууралуу ӨКМдин Өрттү алдын алуу жана өрттү өчүрүү башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдирди.

«Келтирилген материалдык чыгым 556 миллион 201 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,3 % азайган. Болуп өткөн өрт кырсыгынан 34 адам каза таап (2018-жылы 45 адам,), өрттөн 46 адам жабыркаган, анын ичинде (2018-жылы 43 адам). Өрттөн 47 адамдын өмүрү (2018-жылы 63 адамдын өмүрү) жана 375 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 8,154 млн. сом)», — деп маалымат берди ал.

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 28,5%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 43,3%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 9,8%, балдардын от менен ойноосунан 6,0%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 60,5% турак жай тармагында болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (923) жана 11 адам каза болгон, Бишкекте (660) жана 8 адам каза болгон, Жалал-Абад облусунда (350) жана 5 адам каза болгон, Ош облусунда (280) жана 2 адам каза болгон , Ысык-Көл облусунда (224 ) 2 адам каза болгон. Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (1453), 30 адам каза тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>