Өлкө аймагында январда сүт 2 пайызга көп өндүрүлдү

Өлкө аймагында январда сүт 2 пайызга көп өндүрүлдү

2020-жылдын январь айында республика боюнча 78,8 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1538 тонна, же болбосо 2 пайызга көбүрөөк өндүрүлдү. Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,3 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу. Мындай көрсөткүч республиканын бардык облустарында байкалат.

Ал эми жумуртка январь айында 30 миң 268 даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 1229 миң даанага же 104,2 пайызга көбүрөк болгон.

Республикада жумуртка өндүрүүнүн өсүшү үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Бирок Ош облусунда жумуртка өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир аз төмөндөгөнү (92,5 %) байкалды. Учурда себептери такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>