Өлкө башчы Апрель окуясынан курман болгондордун жакындары жана жабыркагандар менен жолукту

Өлкө башчы Апрель окуясынан курман болгондордун жакындары жана жабыркагандар менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучулары, жабыркагандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абал боюнча пикир алышуу болду.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын катышуучуларына, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазычылык билдиришти.

Коррупцияга каршы күрөш, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана башка системдик өзгөрүүлөр боюнча президенттик багыттарды колдорун билдиришти.

Президент өлкөнүн тарыхында Апрель революциясынын өзгөчө орду бар экенин белгилеп, анын идеяларын бекемдөө жана толук ишке ашыруунун маанисин айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына даярдануу жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу комитети тарабынан тийиштүү деңгээлде иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>