Өлкө башчы Араб Эмираттарынын мамлекеттеринин жарыяланган күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Араб Эмираттарынын мамлекеттеринин жарыяланган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков  Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянды БАЭ Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын жалпы элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биргелешкен иш-аракеттерибиздин аркасы менен биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелер эки элдин кызыкчылыктары үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өлко башчы Сооронай Жээнбеков БАЭ Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянга бекем ден соолук, бакубаттуулук жана иштерине ийгиликтерди, ал эми БАЭ элине тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>