Өлкө башчы: Экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы

Өлкө башчы: Экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппараты өлкө башчынын куттуктоосун таратты.

Өлкө башчы калктын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыз кылган айыл чарба тармагындагы кызматкерлерди куттуктап, аталган тармак өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди.

«Жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы — өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук», — деди президент.

Жээнбеков каржы ресурстарынын басымдуу бөлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда экенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>