Өлкө башчы Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Өлкө башчы Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаб Рузбеханини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчы Али Моджтаб Рузбеханинин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердүүлүгүн белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын баса белгиледи жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда кыргыз-иран соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөнүн азыркы абалы жана  келечеги, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>