Өлкө башчы кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Өлкө башчы кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Бүгүн, 20-январда президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.

Сыйлык тапшыруу аземи саат 11:00дө башталат.

Жарлыкка өлкө башчы жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол койгон.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

Иш-чарадан түз эфир Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынан берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>