Өлкө башчы Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү экенин билдирди.

«Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар. Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер.

Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат.  Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!», — деди өлкө башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>