Президент Жээнбеков: Маданият кызматкерлери улуу наркты кийинки муунга сиңирген коомдун өкүлдөрү

Президент Жээнбеков: Маданият кызматкерлери улуу наркты кийинки муунга сиңирген коомдун өкүлдөрү

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда маданият — коомдук жүрүм-турумдун нормаларынын системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын, элдин дүйнө таанымынын казынасы экенин белгилейт.

Анын айтымында, маданият чөйрөсүнүн жаш муундардын мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоого кошкон салымы баа жеткис.

Маданият кызматкерлери улуттук асыл дөөлөттөрдү, кылымдардан бери келе жаткан нарктуу салтты азыркы муунга сиңирип, урпактарга жеткирүүгө багытталган эмгегинин арты менен коомдун урматына ээ болушту. Алардын көөнөрбөс руханий мурастарды бөксөртпөй сактоого, элдин маданий казынасын байытууга кошкон салымдары жогору бааланат.

Жээнбеков мамлекет маданият, ата-бабалардан калган көөнө өнөрдү сактап, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>